• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берди

11 Жалган куран 202611:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да катышты.

Ант бергендер:

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков;

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев;

— Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова;

— Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев;

— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев;

 — Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов;

— Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков.

Количество просмотров: 265