Дамирбек Давлянов Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Дамирбек Давлянов жогорку билимдүү, Ички иштер министрлигинин Академиясын «юриспруденция» адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.