Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.