• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 15 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

5 Бештин айы 202211:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта 15 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • документи жок унаа башкаруу — 195
  • мас абалында автоунаа башкаруу — 318
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 33
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 275
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 058
  • транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу — 6 478
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 4 010

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 115