• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Апта ичинде 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

28 Баш оона 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 21-августтан 27-августка чейин 22 миң 280 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 254;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 250;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 54;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 215;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 миң 87;
  • авто ээнбаштык — 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 миң 20;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 390;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 370 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 54