• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир аптада 448 мас айдоочу аныкталды

26 Бирдин айы 2024 10:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-февральдан тартып 25-февралга чейин бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 20 миң 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 364;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 448;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1173;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3138;
  • вто ээнбаштык – 14;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2854;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 179;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 62