• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада COVID-19дун 13 жаңы учуру катталды

5 Бештин айы 202213:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир жумада, 28-ноябрдан 4-декабрга чейин COVID-19дун 13 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен:

2 бейтап — ооруканага жаткырылган,
11и — амбулатордук дарыланууда.

27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

Количество просмотров: 86