• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бир аптада дээрлик 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

12 Баш оона 202416:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир аптада, тактап айтканда, 5-августтан 11-августка чейин 19 миң 941 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-545;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -195;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-84;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-727;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2 миң 910;
-Авто ээнбаштык — 7;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4424;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 47;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 906 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ эгерде жол эреже бузуу фактысына күбө болсоңуз (0777) 102-102 ишеним номерине жөнөтүп койсо болорун эскертет.

Количество просмотров: 94