• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бир аптада СOVID-19дун 12 учуру катталды

2 Бугу 2023 13:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 24-апрелден 1-майга чейин СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккан 12 адамдын үчөө ооруканага жаткырылган.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1%дан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жана 2023-жылдын 4 айында жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 140 учуру катталды, анын ичинен 20 129 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Количество просмотров: 40