• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бир аптага карата аба ырайы. Ысыктын 37 градуска көтөрүлүшү күтүлүүдө

13 Баш оона 2018 10:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасы боюнча 13-17-августка карата күтүлгөн аба-ырайынын болжолу, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Апта ичинде ысыктын кээ бир аймактарда 37 градуска жетери айтылды.
13-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
14-август Чүйдө түндө +13…+18, күндүз 27…32 градуска дейре ысыйт.
Таласта түндө 8…13 градус жылуу болуп, күндүз 25…30 градуска көтөрүлөт.
Баткенде түнү +14…+19, күндүзү +30…+35ке чыгат.
Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, түндө 14…19 градус жылуу болсо, күндүз 29…34 градус ысык болот.
Ысык-Көлдө түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 23…28ке чейин жетет. Нарында түндө 7…12 градус жылуу, ал эми күндүз 24…29 градуска дейре ысыйт.
15-август Чүйдө түндө 17…22 градус жылуу болсо, күндүз 30…35 градуска чейин чыгат.
Таласта түндө 10…15 градус жылуу болсо, күндүз 28…33 градуска чейин жогорулайт.
Баткен облусунда түндө +17…+22, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт.
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +17…+22, күндүзү +31…+36 градус болот.
Ысык-Көлдө термометр түнү +10…+15, күндүзү +23…+28ди көрсөт.
Нарында түндө +9…+14тү көрсөтсө, күндүз 24…29 градуска чейин ысыйт. 16-август Чүйдө түндө 16…21, күндүзү 29…34 градус ысыйт.
Таласта түндө +10…+15 градус болуп, күндүз 29…34кө чейин чыгат. Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүзү +31…+36,
Ош, Жалал-Абадда түндө 18…23 градус жылыса, күндүз 31…36 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө термометр түнкүсүн +9…+14, күндүзү +23… +28 градусту көрсөтөт.
Нарында түнү 4…9, күндүзү 22…27 градус жылуу болору айтылды.
17-август Чүйдө түндө +17… +22, күндүз 29…34 градуска дейре ысыйт.
Таласта түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 29…34 градуска чейин көтөрүлөт.
Баткенде түнү +17… +22, күндүзү +30…+35ке чыгат.
Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында түндө 18…23 градус жылуу болсо, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө түндө +9…+14 градус болуп, күндүз +23…+28 градуска чейин жетет.
Нарында термометр түнү +4…+9, күндүзү +22…+27ни көрсөтөт.
Бишкек, Ош шаарларында 13-14-15-августтарда күн ачык болот.
Количество просмотров: 18