Бардык жерде 3 кишиден ашык чогулууга болбойт деп айтылып жатканына карабастан бир автобуста 40 милиция кызматкери ташылып жатканы тууралуу билдирүү жана сүрөттөр интернетке тарады.
Ал эми социалдык тармакта мамлекеттик кызматкерлерди ташууда эмне үчүн эрежелер сакталбагандыгы тууралуу суроолор берилүүдө. Мындан тышкары шаарда нөөмөттөгү укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке коргонуу үчүн атайын костюмдары жок жүрүшкөнүн айттышууда.