• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир бурчка жетпеген кыргыз. Ипотекадан дайынсыз (видео)

5 Бирдин айы 2018 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2018.Govori.TV

Бюджеттик мекемелерде жана социалдык тармактардын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу үчүн  өкмөт тарабынан  “ Арзан турак-жай 2015-2020” программасы жарыяланган.

Ага ылайык Мамлекеттик ипотекалык компания ААК сы түзүлгөн эле.

Каржы булактар коммерциялык банкттар болсо “Ипотекалык компания” насыячы менен кардардын ортосунда кепилдик болуп бермек.

Ошондой эле ипотека алуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн мамлекет тарабынан ипотекалык компанияга  3 млрд 300 млн сом ссуда бөлүнгөн.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алган мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлердин саны бүгүнкү күндө  472 адам.

Бишкек — 149

Чүй облусу- 81

Ош шаары- 56

Ош облусу- 26

Жалал-Абад- 70

Баткен- 13

Ысык-Көл-31

Нарын- 34

Талас- 12

Баары: 472

Бирок булардын көпчүлүгү   насыядан баш тартууга аргасыз болуп жатышыптыр. Себеби азыркы айлыктын көлөмү  менен насыя төлөгөнгө таптакыр мүмкүнчүлүк болбойт экен.

Мисал катары: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жаш лаборанты

Жылына 12 пайыз менен 30 000 доллар  ипотекалык насыя алган.  Ал  15 жыл бою ай сайын 21 500 сом төлөш керек.

Эми айлыгын эсептеп көрөлү.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин лаборантынын айлыгы  болгону 6700 сом.

Эки балалуу үй-булөгө минималдуу азык-түлүк корзинанын баасы 5000 сом болот.

Электр энергиясы, комуналдык төлөмдөрдү дагы минималдуу түрдө эсептегенде айына 1000 чыгат.

Кийим-кечек, жол кире жана башка чыгымдарга айына 700 сом кетет деп коёлу.

Ошондо жаш мугалимдин 6700 сом айлыгы күнүмдүк чыгымдарга эле кетип жатат. Ошондо ал айына 21 500 сомду кайдан табат деген логикалуу суроо туулат.

Количество просмотров: 36