• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

“Бир дүйнө Кыргызстан 2023” фестивалынын ачылышы болду

27 Жетинин айы 202320:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн 27-ноябрда адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан 2023” эл аралык XVII фестивалынын ачылышы болду.

Белгилүү болгондой, “Искусство аркылуу адам укугу” – “Human Rights trough Art” жаңычыл форматы аркылуу жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин, документалисттердин катышуусунда адам укуктары жаатындагы даректүү чындыктарды талкуулоо үчүн кенен аянтча түзүп берет.

Фестивалдын конкурстук программасында эркиндикти, адамдын кадыр-баркын, адилеттүүлүктү жана чечим кабыл алууда жарандардын бирдей катышуусун жактаган даректүү тасмалар катышып келет.

Быйылкы фестиваль алкагында италиялык режиссер Барбара Купистинин «Согуш мезгилиндеги жазуулар» деп аталган тасма талаш жаратууда.

Количество просмотров: 81