«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткарууга чакырды.
«Бир дүйнө – Кыргызстан» тараткан маалыматка ылайык, БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаровдун ишинде адилеттүү соттук териштирүүгө, абакта ар-намысын коргоого укуктуу экенин билдирген. Ошондой эле аны абактан бошотууну жана айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну сунуштаган.
23-июлда Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да кыргыз бийлигин эл аралык милдеттерин аткарып Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Андан тышкары уюм Аскаровдун үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилиши керек деп эсептейт.
Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылдагы июнь коогасында «жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда, №47 абакта 69 жашында пневмониядан каза болгон. Анын адвокаттары Аскаровдо COVID-19дун симптомдору байкалганын билдиришкен.
Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту анын өлүмүн иликтөө боюнча адвокат Айдар Сыдыковдун даттануусун кароону токтоткону белгилүү болду. Бул тууралуу 2-июлда «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму билдирген.