• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир күн ичинде 20 бейтап коронавирустан айыкты

22 Бугу 202010:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир күн ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 7, облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 1, Ысык-Көл 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 949 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 37 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Количество просмотров: 100