Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус дагы 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 339 адам;
— Жалал-Абад облусунда 89 адам;
— Чүй облусунда 84 адам;
— Баткен облусунда 51 адам;
— Ысык-Көл облусунда 50 адам;
— Ош облусунда 44 адам;
— Нарын облусунда 15 адам;
— Талас облусунда 14 адам;
— Ош шаарында 10 адам.
Ал эми бир суткада 1 миң 681 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 9 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 393 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 270 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 166 миң 236 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 150 миң 852 киши айыгып чыкса, 2 миң 363 адам каза болду.