• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир катар өлкө лидерлери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 Баш оона 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровуду Орусиянын резиденти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчылар Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашкан.

Алар салттуу достук мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгүп, кеңейерине ишеним артышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн 31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Өлкө 31 жылдан бери эл аралык коомчулукта эгемен өлкө катары, адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет катары таанылууда.

Количество просмотров: 138