• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир катар өлкө лидерлери Жапаровду жана Кыргызстандын элин куттуктады

10 Чын куран 2024 11:24 Бишкек Govori.TV

Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Орзо айт майрамы менен куттуктады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Улуу урматтуу Сизди жана бүткүл кыргыз элин мусулмандар үчүн куттуу жана кубаныч алып келген Рамазан майрамы менен куттуктап, чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара достук жана коңшулук мамилелер тереңдеп баратканы бизди чексиз кубандырат.

Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, жетишилгенмаанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстанменен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелери эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, жалпы элдерибиздин туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылып, ар тараптуу өнүгүүдө”, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, узун өмүр, жоопкерчиликтүү ишинде жаңы жеңиштерди, ошондой эле боордош кыргыз элине мындан ары да прогресс, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындй деп айтылат:

“Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да элдерибиздин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем”, — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында.

Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакыт-таалай, бакубатчылык, молчулук жана токчулук, тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош кыргыз элин ыйык Рамазан-айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ушул куттуу айда бардык дубаларыңызды жана ниеттериңизди Алла Таала кабыл алышын каалайм.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттануу туйгусун жаратат.

Боордош элдердин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго бул маанилүү майрамда бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиндеги ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу Президент, кымбаттуу бир тууганым, Улуу урматтуу, Сизди Орозо айт майрамыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз, Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм”, — деп айтылат билдирүүдө.

Түркиянын элинин жана жеке өзүнүн атынан Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаяндын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Орозо айт майрамына карата Сизге чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди жана жылуу куттуктоолорумду билдирем. Алла Тааладан Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми ислам үммөтүнүн элдерине жакшылык, тынчтык жана береке тилейм. Сизге болгон терең урматтоомду кабыл алыңыз”.

Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана мусулман коомчулугунун дарегине Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, ошондой эле Вице-президент, Премьер-министрдин орун басары, БАЭнин Президентинин Администрациясынын жетекчиси Мансур бен Заид Аль Нахаяндар жиберишти.

Бахрейндин Королу Хамад бин Иса аль Халифанын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Ыйык Орозо айт майрамына карата биз ушул куттуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду, ошондой эле чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоолорубузду жолдоого кубанычтабыз. Жараткан Алладан бул куттуу майрамды Сизге жана элиңизге чоң прогресс жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми араб жана ислам үммөтүбүзгө сыймыктануу жана асылдык менен кайтарышын тилейбиз. Менин куттуктоолорумду жана урматымды кабыл алыңыз».

Иорданиянын Королу Абдалла II ибн аль-Хусейндин куттуктоосу:

“Ыйык Орозо айт майрамына карата Иорданиянын Хашимит Королдугунун эли жана Өкмөтү мени менен кошо сиздерге биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойт», — деп айтылат Иордания Королунун телеграммасында.

Абдалла II ибн аль-Хусейн Садыр Жапаровго жакшы каалоо-тилектерин билдирип, боордош Кыргызстан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүү каалады.

Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббастын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Жалпы ислам Үммөтү үчүн ыйык Орозо Айт майрамынын алдында Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атынан Улуу урматтуу Сизге жылуу куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду айтуу бизге чоң кубаныч тартуулайт.

Алла Таала орозолоруңарды жана дубаларыңарды кабыл кылсын. Улуу урматтуу Сизге, боордош элге, ардактуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана дүйнөнүн бардык элдерине тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз. Улуу урматтуу, биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана эң жакшы тилектерибизди кабыл алыңыз”, — деп белгиленет Палестина президентинин куттуктоосунда.

Количество просмотров: 81