• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Орозо айт күнү №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

19 Жалган куран 202614:15 Бишкек Govori.TV

Эртең, 20-мартта Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарындагы эки линиядагы автобустар жүргүнчүлөргө акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азирети муфтийдин демилгеси менен уюштурулган бул акциянын алкагында №38 жана №203 багытындагы 50 автобус таңкы саат 05:00дөн түшкү 12:00гө чейин жарандарды акысыз ташымакчы.

Акысыз автобус каттамын уюштурунун максаты айт намазына келген шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле ыйык майрамдын руханий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат.

Количество просмотров: 151