• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

19 Жалган куран 20269:07 Бишкек Govori.TV

Эртең, 20-мартта Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозо айт намазынын программасы:

  • 07:00 – 07:30 – Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 – модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
  • 07:40 – 08:10 – диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев;
  • 08:10 – 08:30 – азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
  • 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 – айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу; 
  • 08:00 – 08:25 – диний баяндар; 
  • 08:25 – 08:30 – айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү; 
  • 08:30 – айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин муфтият Орозо айт намазы мечиттерде окуларын айткан.

Количество просмотров: 153