• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир нече мамлекет башчылары президент Жээнбековду мааракеси менен куттуктады

16 Жетинин айы 2018 15:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 60 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Анын туулган күнү менен Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Куттуктоо телеграммасында президенттер Жээнбековдун аталган мамлекеттер менен алакасынын жакшырышына салым кошконун белгилеп, ага ден соолук каалашкан.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Совет районунун (азыркы Кара-Кулжа району) Кара-Кулжа айылында туулган.
1995-жылдан бери Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болуп шайланган, 20017-жылы жарым жыл айыл чарба министри болуп иштеген. Эки жыл ишкерлик менен алектенген. 2010-жылдагы окуялардан кийин бийликке кайтып, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жана Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2016-жылы президенттин аппаратынын орун басары болуп дайындалып, бир айдан кийин премьер-министр болгон.
2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Количество просмотров: 35