• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бир сааттын ичинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

7 Бирдин айы 202414:37 Бишкек Govori.TV

Жакынкы бир саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар»,-деп жазылат маалыматта.

Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз.

Теги:
Количество просмотров: 257