• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир шумдук. Дамба жарылган учурдун видеосу

5 Бугу 2020 22:41 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандагы дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны бир нече айылды каптаган. Бул учурдун видеосу социалдык тармактарда тарады.

https://www.facebook.com/chakievmaksat/videos/2849395308479353/

Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.

Дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны коңшу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптаган. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлгөң жана 5,5 миң адам эвакуацияланган.

Количество просмотров: 59170