• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыкты

27 Чын куран 202111:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учрунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 119, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 62, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 18 адам сакайды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 415 киши айыгып чыкса, 1 миң 589 адам каза болду.

Количество просмотров: 102