Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын билдиргенине ылайык айыккан бейтаптар төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек ш. – 12
Ош ш. – 3
Ош облусу – 3
Нарын облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 1
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.