Кыргызстанда бир сутка ичинде 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Чүй облусунан 8, Нарын облусунан 4, Ош облусунан 4, Ош шаарынан 5 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1961 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.