• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кытайда коронавирустан бир суткада 97 адам каза болду

10 Бирдин айы 2020 15:17 Бишкек Govori.TV

10-февралга карата Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 910го жетти. Өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына ылайык, акыркы бир сутканын ичинде 97 адам каза болду. Бул Кытайда вирус жайыла баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч.

10-февралга карата дүйнө боюнча вирусту жуктуруп алгандардын саны 40 554кө жетти. Алардын 6,5 миңи оор абалда экени кабарланууда.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайда кырдаал турукташа баштаганын кабарлады. Ошол эле маалда Кытай бийлиги ооруга каршы өз алдынча аракеттенгендиги үчүн дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылууда. Илдет тууралуу биринчи айтып чыккан 34 жаштагы дарыгер 7-февралда каза болгон.

9-февраль күнү Жапониянын батыш жээгиндеги круиз лайнердин жүргүнчүсү болгон украин жаранынан вирус табылып, ооруканага жаткырылган. Ошондой эле лайнердеги 70 киши вирус жугузган деп шектелип, өз каюталарына изоляцияланган.

Количество просмотров: 1063