Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учрунда билдирди.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 469 бейтап, амбулатордук түрдө 1 817 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 411 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 326 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 415 киши айыгып чыкса, 1 миң 589 адам каза болду.