• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

19 Бугу 202111:14 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-май күнү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөп күйгөн. Саат 20:08 өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, саат 20:26да өрт чектөөгө алынып, 20:50дө өрт толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле Өзгөн районундагы Куршаб айылында турак үйдүн 93 чарчы метр болгон төрт бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 96