• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды

7 Теке 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы көп кабаттуу турак үйдүн батиринде үй тиричилик буюмдары жана кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында жайгашкан көмөкчордондун электр зымдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел айылында жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 28 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында жалпы аянты 144 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Количество просмотров: 91