• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бир суткада 119 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

23 Тогуздун айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-октябрга карата коронавирус дагы 119 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 59, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 73 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 663 бейтап, амбулатордук түрдө 640 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 467 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 7 киши айыгып чыкса, 2 миң 650 адам каза болду.

Количество просмотров: 118