Кыргызстанда дагы 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Каза болгон бейтаптар:
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 1 (65 жаштагы эркек);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (74 жаштагы эркек).
Өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 78 кишиге жетти.