• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бир суткада 26 адамдан COVID-19 табылып, каза болгондор катталган жок

13 Бештин айы 2021 9:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 31 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 40 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.

Количество просмотров: 93