Бир суткада 302 адам COVID-19дан сакайды
2 Кулжа 2021 10:08 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда дагы 302 адам COVID-19 (коронавирус менен пневмония) илдетинен айыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
- Бишкек шаарында 204;
- Ош шаарында 11;
- Чүй облусунда 35;
- Ош облусунда 8;
- Талас облусунда 5;
- Нарын облусунда 6;
- Ысык-Көл облусунда 18;
- Жалал-Абад облусунда 12;
- Баткен облусунда 3.
Республикалык ыкчам штаб бүгүн, 2-июнда билдирген маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы 99 175 адам коронавирус менен пневмониядан айыккан.
Подписаться:
Количество просмотров: 34