Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 75 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкекте – 56;
Чүй облусунда – 12;
Ош шаарында – 2;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Айыккандар:
Бишкекте – 27;
Чүй облусунда – 18;
Ош облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 537 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 274 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.