Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 124 адамдан, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 176, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда 21 кишиден табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 70 миң 366 адам коронавирус жуктурган.