Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши);
2. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);
3. Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
4. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши).
Өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.