• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

14 Теке 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Тайлак Баатыр көчөсүндө иштебеген 25 чарчы метр павильон толугу менен күйгөн. Ал эми Чүй облусунун Чүй айылында май сактоочу контейнер, 300 литр күйүүчү май, 3 пластмас цистерна күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында турак үйдүн 74 чарчы метр тунуке жабылган чатыры, эки бөлмөсү жана 4 пластикалык терезе, 3 жыгач терезе, 3 пластик эшик күйгөн. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Баяман баатыр базарында 2 кабаттуу курулуш материалдарын саткан контейнердин 432 чарчы метр аянты күйгөн.

Количество просмотров: 83