• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

3 Бештин айы 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун Курганская көчөсүндө жалпы аянты 150 чарчы метр турак үй күйгөн. Өрт мешти курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан. Ал эми Ленин районунун Муромская көчөсүндөгү эки кабаттуу контейнердин 30 чарчы метр аянты күйгөн.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы турак үйдүн ашкана бөлмөсүндө муздаткыч, электрмеши, ашкана эмереги, пластик терезе жана жыгач эшик күйгөн.

Ош шаарынын Обзорная көчөсүндө турак үйдүн аянты 65 чарчы метр чатыры жана 1 бөлмөсү толугу менен күйгөн.

Количество просмотров: 40