Кыргызстанда бир жумада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Алсак:
жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3 519;
документи жок унаа башкаруу – 203;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 151;
инспекторлордун автоунааны токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
автоээнбаштык – 8;
жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1010;
жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5 256;
айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 47;