• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бир жумада 339 мас айдоочу кармалды

12 Жалган куран 2024 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 4нөн 10-мартка чейинки аралыкта 22 миң 8 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинде:

тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 312;
мас абалында унаа башкаруу – 339;
автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 869;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 039;
автоээнбаштык – 9;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 030;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 353;
Ошондой эле 1 363 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 60