• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир жумада 63 мас айдоочу кармалды

8 Чын куран 2024 14:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мас абалында унаа айдагандардын саны 63тү түздү. 

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226;
  • мас абалында унаа башкаруу – 63;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 653;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 512;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 429;

Ошондой эле 867 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

Количество просмотров: 77