• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир жумага күтүлгөн аба ырайы

18 Жалган куран 2018 17:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.03.2018.Govori.TV.
Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты. Ага ылайык алдыдагы аптада жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
18-21-март күндөрү Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 18…23 градус жылуу болот. Ал эми 22-мартта абанын температурасы Таласта 19…24, Чүйдө 21…26 градуска чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дагы жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз 18…23 градус жылуу болоору божомолдонууда. 22-мартта күндүн табы көтөрүлүп 20…25 градус ысык болот.
Тоолуу Нарында абанын температурасы 18-март күнү 7…12, 19-20-мартта 8…13, 21-мартта 5…10, 22-мартта 6…11 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда болсо 18-мартта абанын температурасы 7…12, 19-20-мартта 9…14, 21-мартта 6…11, 22-мартта 8…13 градуска чамалап барат.
Бишкек жана Ош шаарларында 18-20-мартта күн ачык болуп, 20…22 градуска чейин жылыйт.
Апта соңунда, 23-24-мартта өлкө аймагында абанын температурасы бир аз төмөндөп, кээ бир райондордо жаан жаашы күтүлөт.
Количество просмотров: 16