Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган. Ал эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүлгөн акчалар түшөт.
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү эсепке 6 млн 721 миң сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы кабарлайт.