• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү узартылды

25 Жалган куран 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу. 

Вице-премьер-министр билдиргендей, салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн, аны менен бирге электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 79