• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бири УКТ мүчөсү. Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалды

15 Кулжа 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында адам уурдоого жана каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») жана 170-беренеси («Адам уурдоо») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары эки адам кармалды. Алардын бири 1983-жылы Жумгал районунда туулган С.К. аттуу жаран мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу «смотрящий». Экинчи жаран 1983-жылы Ысык-Көл облусунда туулган У.Ч. аттуу жаран. Ал да мурда соттолгон. Соттун чечими менен кармалган эки жаран камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүруп жатат.

Количество просмотров: 1346