Биригели! Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталат
Биригели! Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталат
23 Жетинин айы 202313:35 Бишкек Govori.TV
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясы 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүндө аяктаган жыл сайын кайталанган эл аралык демилге. Жыл сайын кампаниянын темасы өзгөрүп турат, быйылкы тема “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү” деп аталган. Кампания баардык тармактардагы кызыкдар тараптарды, анын ичинде Өкмөттү, жарандык коом уюмдарын, эл аралык уюмдарын, жеке секторду, эл аралык каржы институттарын бириктирип, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган. Быйылкы кампания дүйнө жүзүндөгү бүт өкмөт жана жеке сектор өкүлдөрүн гендердик зомбулуктун алдын алууга кандай жол менен каржылык салым кошкону тууралуу бөлүшүүгө чакырат.
Кампаниянын максаттары:
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча санариптик чечимдерге инвестициялоо аркылуу аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен позицияны алуу үчүн Өкмөттөн, БУУнан, эл аралык финансылык институттардан, эл аралык уюмдардан, жеке жана жарандык секторлордон негизги өнөктөштөрдү чогултуу жана ишке киришүү жана 16 күндүк кампанияны баштоо;
Ар кандай деңгээлдеги, ар кандай секторлордо аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча милдеттенмелер, мыкты тажрыйбалар, салынган инвестициялар жана финансылык мүмкүнчүлүк боюнча тажрыйбаларды бөлүшүү жана бири-бирибизден үйрөнүү;
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча иштеген жарандык коом уюмдарын колдоо үчүн мамлекеттин, жеке сектордун, эл аралык каржы институттарынын жана башкалардын көбүрөөк колдоосуна, кызматташуусуна жана туруктуу инвестицияларына чакыруу жана мамилелерди түзүү;
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча мыкты санариптик чечимдерди колдоо үчүн каражат чогултуу кампаниясын баштоо, гендердик теңчиликке жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган санариптик трансформациялык чечимдердин комплекстүү каталогун түзүү;
Гендердик маалымат порталын ишке киргизүү жана Гендердик теңчилик боюнча өлкөнүн профилин ишке киргизүү жөнүндө маалымат берүү.