Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн 4 кыргызстандыктан кабар алуу үчүн Адана шаардык илимий-изилдөө ооруканасына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин коштоосунда бейтардын абалын сурап, аларга ден соолук каалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы үй-бүлөсүнө каралашып турарын, кабатыр болбой, жакшылап дарылана беришин айтты.
Айта кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш кызматкер жабыркаган. Алардын ичинен эки бейтаптын абалы өтө оор болгондуктан Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары эки бейтап менен кошо тик учактан жабыркаган аскер кызматкерлеринин экөө да жиберилген.