• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Биринчи Элдик курултай качан өтөөрү белгилүү болду

16 Баш оона 202211:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ушул жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи Элдик курултай чакырылары жазылган.

Жарлыкта курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды жана курамы бекитилди.

Количество просмотров: 249