• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек абасын ыш баскан шаарлардын башында турат

26 Жетинин айы 202411:40 Бишкек Govori.TV

IQAir абанын сапатын иликтеген дүйнөлүк сайтынын кечээги 25-ноябрдагы көрсөткүчүндө Бишкек 185 көрсөткүч менен алдыңкы абасы кир беш өлкөнүн катарына кирди. Бишкектен алдыда Дели, Дакка, Лахор жана Сараево шаарлары турат.

Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, ТЭЦ себепкер экени айтылып келет.

Экологдор буга чейин абанын булганышынын себептерин көп жолу айтып келишкен. Алар машинелерден бөлүнгөн азот оксиди Бишкек ТЭЦинин түтүнүнөн эки эсеге көп экенин айтып, автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунуштап келишет.

Абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын башында келе жатат.

Былтыр мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Бирок ушул кезге чейин шаар мэриясы бул багытта кандай иштерди аткарып жатканы белгисиз.

Количество просмотров: 132